БИШКЕК. Бүгүн Үсөн Сыдыковду коргоо комитети президент Аскар Акаевге, премьер-министр Николай Танаевге, Жогорку Кеңештин төрагалары Абдыганы Эркебаевге жана Алтай Бөрүбаевге, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги кеңсесине, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына телеграмма жолдоду. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы кеңсесинин төрагасы Үсөнбай Абдраимов маалымдады. Телеграммада Ош облусунун №33 Каракулжа шайлоо округунун Үсөн Сыдыковду колдогон шайлоочулары 11-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүүгө каршы экендиги жазылган. Алар өткөн жылдын октябрь айында Каракулжа округунда өткөн шайлоодо 18500 шайлоочунун конституциялык укугу бузулгандыктан, шайлоонун жаңыдан өткөрүлүшүн жана президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын Ү.Сыдыковдун тарапкерлери менен жолугушуусун талап кылышууда. Телеграмма ээлери, коюлган талаптары 5-майга чейин аткарылбаса, Каракулжадан Ошко чейин жөө жүрүшкө чыгышаарын жана саясий акцияларды улантышаарын эскертишкен. Бирок ушул эле күнү Каракулжа районунун администрация башчысы Рашид Тажибаев райондогу кырдаал тууралуу телефон аркылуу берилген суроого: «Каракулжада эл тынч. Мындан бир жума мурда Үсөн Сыдыковдун тарапкерлери менен жолугушканмын. Мен мыйзам боюнча шайлоо болоорун түшүндүрдүм, эл аны түшүндү. Азыр жазгы талаа иштери башталды, эл ошону менен алек», - деп жооп берди.