Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Азербайжан президенти Түркияда медициналык кароодон өтүүдө


Президенттин басма сөз кызматы Гейдар Алиев Түркиянын башкалаасы Анкарадагы "Гүлхан" аскердик ооруканасында медициналык кароодон өтүп жатканын ырастады, бирок башка кошумча маалымат берген жок. "СNN - Turk" телекомпаниясынын кабарына караганда, жашы 80ге таяп калган Гейдар Алиевдин жүрөк оорусу кайрадан күчөп кеткен. Г.Алиев мындан төрт жылча мурун АКШда жүрөгүнө операция жасаткан эле.Гейдар Алиев Азербайжанда быйыл күзүндө өтүүчү президентик шайлоого, үчүнчү мөөнөткө катышарын жарыялаган. Жакында ал эл алдында сүйлөп жатып, эки ирээт эсин жоготуп койгон эле.


Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG