Бүгүн Кытайда өнөгөсүз өпкө же "SARS" илдетинен дагы жети адам көз жумуп, 163 адам дартка чалдыкканы кабарланды. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондордун төртөөсү – "SARS"дарты боюнча эң оор кырдаал түзүлгөн Пекин шаарынын тургундары. Азыркыга чейин Кытайда өпкөнүн жаңы дартынан 197 адам каза болду. Пекин шаарынын 21-апрелде жабылган орто мектептери кеминде дагы эки аптага иштебейт. Балдарды Интернет же телекөрсөтүү аркылуу окутуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда. Ал эми дүйнөдө өнөгөсүз өпкө оорусунан 430 адам каза тапты, дартка чалдыккандардын саны 6,5 миңдей.