Бүгүн жыйын өтүп жаткан имараттын алдында 20дай укук коргоочу пикетке чыгып, саясий жүйөөдөн улам түрмөгө түшкөндөр бошотулушун жана камак жайларда кыйноолорду токтотууну талап кылышты. Өзбек президенти Ислам Каримов өз сөзүндө абак жайларындагы кыйноолорду айыптаары күтүлгөн эле. Бирок "Рейтер" агенттигинин кабарлаганына караганда , президент И.Каримов аталган маселеге токтолгон жок, ал Өзбекстан көз карандысыздык алгандан бери экономикалык реформа менен демократия жаатында жетишкен ийгиликтерди гана белгиледи. Эл аралык "Хьюман Райтс Уочт" уюмунун аткаруучу директору Кеннет Рот жыйында Өзбекстанды адам укуктары жаатындагы абалдын начардыгы үчүн сынга алды. Анын айтымында, Өзбекстанда Европадагы өнүгүү жана реконструкция банкы көздөгөн саясий - экономикалык милдеттер аткарылган эмес, экономикалык реформалар менен демократиялык өзгөрүүлөр болгон жок.