Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Рим папасы Иоанн Павел Экинчи Мадриддеги диний жөрөлгө учурунда беш испан дин ишмерин ыйыктардын катарына кошту


Мадриддин Кристофер Колумб атындагы аянтында, ачык асман алдында өткөн диний жөрөлгөгө катышкан бир миллиондой адамдын арасында испан падышасы Хуан Карлос жана анын жубайы, өкмөт башчысы Хосе Мария Азнар да болду. Анда Рим папасы испандардын 20-кылымда жашап өткөн үч аял, эки эркек дин ишмерин ыйык адамдардын катарына кошту. Дин ишмерлеринин бири 30-жылдардын соңунда, Испаниядагы граждандык согуштун учурунда республикачылар тарабынан дарга асылган эле. Дин ишмерлеринин сүрөттөрү жөрөлгө өтүп жаткан аянттын үстүндө илинип турду. Рим папасы бүгүн бул өлкөдөгү эки күндүк иш сапарын аяктоодо.

XS
SM
MD
LG