Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Сирия эми АКШнын талабын билет


Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жекшемби күнү АКШнын Ен-би-си жана Ей-би-си телеканалдарына берген интервьюда, Сириянын президенти Башар Ассад өлкөнүн Ирак жак чек арасын жаап, жазадан качып Сирияда баш паана издеген шектүү ирактыктарды камакка алыш керек экенин эскертти.
Сирия ошондой эле Иракты калыбына келтирүү иштерине колкабыш кылышы шарт. Дамаск айтылган кадамдарды жасабаса, “тиешелүү чара көрүлөт”. Сирия эми АКШ андан эмнени күткөнүн билет деп баса көрсөттү Мамкатчы.
Пауэлл ишемби күнү Дамаскиде Башар Ассад менен кездешкен.

XS
SM
MD
LG