ТАЛАС. Бүгүн, Конституция күнү Талас районундагы Көкой айыл өкмөтүнүн аймагында 30дан ашуун турмушу начар үй-бүлөнүн 100гө жакын балдарына кийим-кечектен гуманитардык жардамды Кыргызстандагы чет элдик ишкерлердин «Ротари» клубунун алдында түзүлгөн «Ротарак» клубунун аткаруучу директору Кубан Чороев жетектеген адистер тапшырышты. Бир күн мурда ушундай эле гумжардам ушул эле райондогу Кумарык айылындагы мектеп-интернатка да берилген.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов