Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 17:54

Ташкенде кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өткөрүлөт


БИШКЕК. Май айынын аягында Ташкен шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын бешинчи жыйынын өткөрүү белгиленүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов билдирди. Анын айтымында, Ташкендеги жыйында эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, транспорт жана суу-энергетика тармагында кызматташуу маселелери талкууланат. Өкмөт аралык комиссиянын кыргыз тарабынын жетекчиси – вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев.

XS
SM
MD
LG