БИШКЕК. Орусиянын Эсеп палатасы Кыргызстандагы Кыргыз-Орус (Славян) университетин каржылоого байланыштуу билдирүүнү Орусиянын Өкмөтүнө жана Билим берүү министрлигине жолдойт. Мындай чечим Орусиянын Эсеп палатасынын апрель айындагы жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, Орусиянын Эсеп палатасы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин бюджеттик жана бюджеттен тыш каражаттарды 2001-2002-жылдарда пайдаланышын быйыл февраль-март айларында текшерип, Кыргызстан окуу жайын тийиштүү деңгээлде каржылабай жатканын аныктаган. Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда 1993-жылы кол коюлган макулдашууга ылайык, окуу жайын эки тарап теңме-тең каржылоого тийиш. Бирок 2 жыл ичинде Орусия ага 20 миллион рубль, Кыргызстан 8 миллион рубль бергендиги аныкталган. Ушундан улам Орусиянын Эсеп палатасы бул тууралуу маалыматты тиешелүү тараптарга билдирүүнү туура тапкан.