Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:33

Үсөн Сыдыковдун Каракулжадагы шайлоочулары кайрылуу кабыл алышты


БИШКЕК. Үсөн Сыдыковдун № 33-Каракулжа шайлоо округундагы шайлоочулары бүгүн президентке, Жогорку Кеңешке, ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылуу кабыл алышты. Анда аталган округ боюнча 11-майда шайлоонун экинчи турун өткөрбөө, ал эми Үсөн Сыдыковго шайлоого катышууга укук берүү талабы айтылган. Бул тууралуу бүгүн «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облусу боюнча бөлүм башчысы Керим Макеев билдирди. Анын айтымында, Ү.Сыдыковдун шайлоочулары өз талаптарынын аткарылышына 7-майга чейин мөөнөт коюшуп, ошого чейин талаптары аткарылбаса, жөө жүрүш акциясын жасай тургандыктарын эскертишкен. Каракулжа районунун акими Рашид Тажибаев райондо кырдаал туруктуу экенин, Ү. Сыдыковдун шайлоочулары эч кандай жыйын, акция өткөрбөгөндүгүн бүгүн «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG