БИШКЕК. Дүйнөлүк Банк GSAK программасынын алкагында Кыргызстанга 27 миллион 800 миң доллар өлчөмүндө кредит бөлөт. Бул тууралуу маалымат тараткан «АКИ-пресс» агенттигинин кабарына караганда, анын 20 миллион доллары GSAK программасынын мамлекеттик башкарууну кайра түзүү долбоорлорун ишке ашырыш үчүн, 7 миллион 800 миң доллары - GTAC программасы боюнча техникалык жардам катары берилет. Бул кредиттик макулдашууга банк менен кыргыз өкмөтүнүн жетекчилери май айынын ортосунда кол коюшмакчы. Макулдашууга кол коюлгандан кийин кредиттин 5 миллиондук биринчи траншы быйыл, 5 миллиондук экинчи траншы эмдиги жылы, 10 миллион долларлык үчүнчү траншы 2005-жылы берилет. Ага Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунда структуралык реформа жүргүзүлүп, анын ачыктыгын камсыз кылчу мыйзамдар кабыл алынат. Андан тышкары, министрликтерде жана мекемелерде функционалдык иликтөө жүргүзүлүп, жергиликтүү администрациялардын ролун жогорулатуу аракеттери көрүлөт.