Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:08

Кыргызстанда жер титирөө болду


БИШКЕК. Бүгүн күндүзгү саат 12ден 34 мүнөт өткөндө Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду. Бишкек сейсмикалык борборунан ушул күнү алынган маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Жалалабад шаарынан түштүк-батышты карай 10 чакырым, Ош шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Сузак деген айылга жакын жерде болуп, Рихтердин өлчөмү боюнча күчү 6 баллга жетти. Жер титирөөнүн күчү Жалалабад шаарында 5, Өзгөн шаарында 5, Көкжаңгак, Майлысуу шаарларында 4,5, Ош шаарында 3,5-4 балл болду. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыр тарткандар жана кыйроолор болгон жок.

XS
SM
MD
LG