Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Конституция күнүнө карата Жалалабадда массалык жарыш, оюн-шооктор өткөрүлдү


ЖАЛАЛАБАД. Конституциянын 10 жылдыгын белгилөө облуста 5 чакырымга массалык жүгүрүү менен башталды. Ага облус борборундагы мекеме-уюмдардын, окуу жайларынын жана коомчулуктун 200 өкүлү катышты. Барпы атындагы облустук кыргыз театрынын аянтындагы митингге Жалалабад шаарындагы казыналык ишканалар менен окуу жайларынан 500гө жакын адам чогулду. Жаштар менен окуучулар Башмыйзам менен адам укугун, улуттук акчаны даңазалаган кызыл-тазыл ураандарды көтөрүп чыгышты. Митингге келгендерди жергиликтүү жетекчилер менен ардагерлер, бейөкмөт уюмдардын башчылары куттукташты. Алар өлкөнүн демократиялык жолдо эркин өнүгүшү үчүн, Кыргызстандын тынчтыгы үчүн элди ынтымактуу болууга, мыкты эмгектенүүгө, ар түрдүү бузуп-жарууга жол бербөөгө чакырышты.

XS
SM
MD
LG