БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда эгемендүүлүк доорунда алгачкы ирет кабыл алынган Конституциянын 10 жылдыгы белгиленди. Буга байланыштуу Өкмөт Үйүндө президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Конституциялык, Жогорку Соттордун башчылары катышкан салтанаттуу жыйын болду. Анда президент Аскар Акаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова сөз сүйлөштү. Президент өз сөзүндө 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны жогору баалап, ал Кыргызстандагы демократияга негиз салганын белгиледи. «Ал эми 2-февралдагы референдумда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясынын толук иштеши үчүн көптөгөн аракеттер жасалып, мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши керек», - деди Аскар Акаев. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев 10 жыл ичиндеги парламенттин ишмердүүлүгүнө токтолуп, мурдагы төрагалар Медеткан Шеримкулов менен Усуп Мукамбаевдин ишмердүүлүгүн жогору баалады. Конституциянын кабыл алынгандыгынын 10 жылдыгына арналган жыйын эртең Кыргыз улуттук университетинде илимий конференция менен уланмакчы.