Сильвио Берлускони өзү коргоо максатында Милан шаарынын сотунда жасаган бүгүнкү билдирүүсүндө азык-түлүк өндүргөн ишкананы менчиктештирүүгө мамлекеттин кызыкчылыгынан улам катышканын белгиледи. Италия өкмөт башчысы 1980-жылдардын орто ченинде, ошол ишкананы менчиктештирүүнүн жүрүшүндө сотторду паралаганы үчүн айыпталууда. С.Берлускони айыптоолорду төгүндөө менен өзүнө каршы жүрүп жаткан кампаниянын саясий жүйөөсү бар экенин айтып жатат. Эксперттердин пикиринде, соттун айыптоо өкүмүн чыгарышы июль айынан тартып Европа Биримдигине төрагалык кылуу милдети Италияга өтөр алдында өлкөдө саясий кризис жаратышы мүмкүн.