Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Өзөктүк куралдарды жайылтпоо маселеси орус-америкалык сүйлөшүүлөрдө талкууланууда


АКШ Мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон Москвада Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Георгий Мамедов, жана Атом энергетикасы боюнча министри Александр Румянцев менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдө курал –жаракты көзөмөлдөө, өзгөчө Түндүк Корея, Иран сыяктуу өлкөлөрдөн массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышына жол бербөөгө байланышкан маселелер каралып жатат. Алсак, АКШ Орусия Иранга атомдук электростанциянын курулушуна жардам бергенине камтамачылык билдирип жүрөт. Вашингтондун пикиринде, Иран Орусиядан алган жардамды өзөктүк куралдар программасын өнүктүрүү үчүн пайдаланышы мүмкүн. Орусия азыркыга чейин өз кадамынын тууралыгын коргоп келүүдө. Бирок, өткөн айда өлкөнүн Атом энергетикасы боюнча министри Александр Румянцев Москва Иран өзөктүк куралдар программасы үчүн уранды байытуунун үстүндө иштеши ыктымал деген маалыматтарга тынчсызданарын айткан.

XS
SM
MD
LG