Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:53

АКШнын өкүлү палестин өкмөт башчысы менен "Жол картасы" тынчтык планын ишке ашырууга байланышкан маселелерди талкуулады


Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгыш боюнча элчиси Уильям Бөрнс палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас менен Рамалла шаарында кездешти. Палестин бийлигинин өкүлү Саеб Эрекаттын билдиргенине караганда, премьер-министр АКШ элчисине адегенде жөөт тарабы планга карата өзүнүн расмий жообун бериш керектигин айткан. Жөөт премьери Ариэль Шарондун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Израил коопсуздукка тиешеси жок маселерде гана айрым бир чегинүүлөрдү жасоого макул:

- Израил - тынчтыкты көздөгөн өлкө, тынчтыкты каалайт жана тынтык үчүн айрым бир чегинүүлөрдү жасоого дилгир.Бир гана маселеде: атуулдардын коопсуздугуна, Израилдин өзүн сактоого тиешелүү иштерде эч кандай чегинүүгө барбайт.

Израил "Жол Картасы" планында мүчүлүштүктөр бар экенин, алды менен палестин өкмөт башчысы согушчандардын аракетин токтотушу керектигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG