Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

НАТО менен Украинанын ымаласы оңолууда


Түндүк Атлантика уюмунун башкы катчысы Жорж Робертсон “альянс Киев менен кызматташууга чоң маани берет”, - деп билдирди НАТО-Украина ортосундагы кызматташуу боюнча Вашингтондо өткөн эки күндүк жыйындын соңунда.
Жыйынга альянска мүчө 19 өлкөнүн жана уюмга келерки жылы кошулчу 7 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
Украинанын президенти Л. Кучма Иракка радардык системаларды мыйзамсыз сатууга уруксат берген болушу мүмкүн деген маалыматтардан улам, НАТО-Украина ортосундагы алака өткөн жылы бир кыйла осолдой түшкөн болчу.
Бирок, Робертсон Украинанын Улуттук коргоо кеңешинин катчысы Е. Марчук менен дүйшөмбү күнү Вашингтондо чогуу өткөргөн пресс-конференцияда эки жак арасындагы мамиледе оң жылыштар болуп жатканына кабарчылардын көңүлүн бурду:

- Биз өткөн жылы НАТО менен Украинанын мамилесиндеги айрым өйдө-ылдый мамилелерге күбө болгонбуз. Бирок, азыр карым-катнаш оң жакка өзгөрүп жатканына мен ишенем.

XS
SM
MD
LG