Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Мамкатчы К. Пауэлл Пхеньянга кеңеш айтты


АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Түндүк Кореяны ядролук кризисти жөндөөгө “жооптуураак мамиле кылууга” чакырып, ошондо Пхеньян региондогу өлкөлөрдөн колдоо аларын айтты:

- Биз региондогу досторубуз Япония, Түштүк Корея, Кытай, Россия, Австралия жана башка өлкөлөр менен иштешүүнү уланта беребиз. Ядролук каруу жаракты өнүктүрүүгө тиешелүү бардык программалар менен жабдууларды токтотуп жыйнап коюу Түндүк Кореянын кызыкчылыгына өтө туура келерин ачык көрсөтүү үчүн биз бекем турабыз.

Пауэлл билдирүүнү НАТОнун башкы катчысы Жорж Робертсон менен Вашингтондо болгон жолугушуудан кийин жасады.

XS
SM
MD
LG