Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Бириккен улуттар уюму келерки жумада Иракка адам укугунун абалын көзөмөлдөө үчүн байкоочуларды жөнөтөт


Байкоочулар ирактыктардын саясый-экономикалык, маданий жана граждандык укуктары демократиялык институттарды түзүү маалында кандай сакталганына көз салат деп билдирди БУУнун Адам укугу боюнча башкы комиссары Сержио Вьера де Мелло (Sergio Vieira de Mello).
АКШнын Мамлекеттик катчысынын каруу жаракты контролдоп-көзөмөлдөө боюнча орун басары Жон Болтон Москвадагы визити тушунда билдиргенге караганда, ал Ирактын массалык жок кылуучу куралдарын издөөгө “жакын арада” Улуттар уюму тартылат деп ойлобойт.
Ж. Болтондун Россиялык ырасмий адамдар менен болгон сүйлөшүүлөрүндө, айрыкча, Иранда жана Түндүк Кореяда массалык кыргын салчу куралдарды жайылтпоонун жолдору талкууланды.

XS
SM
MD
LG