Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

УКУК КОРГООЧУЛАР ӨЗБЕК ПРЕЗИДЕНТИНЕ НААРАЗЫ


Ташкенде Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын жылдык жыйыны аяктады. Көпчүлүк эл аралык уюмдар Өзбекстандагы адам укуктарынын абалына байланыштуу Европалык банктын бул жыйынын "чоң калпыстык" катары баалашса, өзбек президенти Ислам Каримов саммиттеги сөзүндө алардын пикирине көңүл буруп да койгон жок. Жыйындан кийин Европалык өнүгүү банкы Өзбекстандын коомдук секторундагы долбоорлорду каржылоодон баш тартканын жарыялады.

Ташкендеги жыйыны аяктаар замат Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкы кайрадан эл аралык коомчулуктун каардуу сынына кабылды. Укук коргоочуларды бул ирет - өзбек президенти И.Каримов жыйынды ачкан сөзүндө Өзбекстандагы адамдарды уруп-кыйноо фактылары жөнүндө ооз ачпаганы катуу кабатырлантууда. Анткени саммит башталардан мурун Европалык банктын жетекчилери Ташкендеги жыйында өзбек президенти өз өлкөсүндө демократиялык өнүгүүнү тездетип, адам укуктарынын абалын жакшыртууну убада кылат деп ишендиришкен болчу.

И.Каримов өзбек өкмөтүнүн демократия жана адам укуктары жаатындагы аракеттерине токтолуп, "кыйноо" деген сөздү таптакыр колдонгон жок. Анын ордуна ал адам укуктары - Борбор Азия өлкөлөрү жана Батыш мамлекеттери үчүн ар башка маанидеги түшүнүк экенине көңүл буруп, мунай жана башка табигый ресурстарга бай чөлкөмдү ар башка державалардын кызыкчылыгы туташкан глобалдык жарыштын, же аскерий күч сынашуунун аренасына айландырууга болбойт деп эскертти.

Андан аркы сөзүндө Өзбекстандын лидери Европалык өнүгүү банкы Борбор Азия мамлекеттерине, айрыкча Ооганстанга көбүрөөк жардам көрсөтсө, бардык тараптар үчүн өтө пайдалуу иш болорун белгиледи:

- Буга байланыштуу Европалык банк Азиялык өнүгүү банкы, Дүйнөлүк жана Ислам банктары менен биргелеше Борбор Азия регионундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган орто, ошондой эле узак мөөнөттүү программаларды колдоп берсе өтө пайдалуу болмок. Бул программаларга Ооганстанды активдүү катыштырып, келечекте аны Борбор Азия регионунун маанилүү жана интеграциялашкан бөлүгүнө айландыруу зарыл.

Өзбек президенти Бириккен улуттар уюмунун, башка бир катар эл аралык мекемелердин Өзбекстандагы адам укуктарын жакшыртуу, түрмөлөрдөгү уруп-сабоо, кыйноолорду токтотуу жөнүндөгү чакырыктарын жоопсуз калтырды. Ал эмес, жыйынга катышкан журналисттер Каримов эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү сүйлөп жатканда, алардын орусча котормосун уккусу келбей, кулак тыңшагычтарын алып коюп отурганын, Казакстандын президенти Н.Назарбаев Борбор Азиядагы саясий жараяндарды сындаган Батыштын өкүлдөрүнө каяша пикирин айтып жатканда жылмайып-жактырып отурганын байкашкан.

Ал эми саммитте өзбек президенти үчүн жагымсыз көп эле сөздөр айтылды. Маселен, Европалык өнүгүү банкынын президенти Жан Лемьер Ислам Каримов өз өлкөсүндөгү адам укуктарынын абалын жакшыртуу жана экономикалык реформаларды ыкчамдатуу маселелерине көбүрөөк көңүл бурушу керектигин айтса, Британиянын эл аралык өнүгүү маселелери боюнча министри Кларе Шот Өзбекстандагы дин эркиндигин чектөө аракеттерин жана адамдарды уруп-кыйноону кеңири колдонгон юридикалык системаны сынга алды. Жан Лемьердин айтымында, Европалык банк өзбек өкмөтүн соода тоскоолдуктарын азайтып, акча алмаштыруунун үстүнөн орнотулган мамлекеттик көзөмөлдү жоюуга, менчик секторду өнүктүрүүгө басым жасоого үндөдү. Андан сырткары жыйында чыгып сүйлөгөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Ташкенди саясий ишмердиктеги эркиндик, сөз эркиндигин орнотууга, бейөкмөт уюмдарга колдоо көрсөтүүгө чакырышты.

Өзбек оппозициячылары президент Каримов Европалык банктын жетекчилигин алдап, жыйында баарын билмексенге салып койду деп жатышат. Нью-Йоркто жайгашкан "Хюман Райтс Вотч" уюму Европалык өнүгүү банкынын Ташкендеги жыйынын – чоң "калпыстык" катары бааласа, "Файненшл таймс" гезити "банк андан ачуу сабак алышы керек, эми И.Каримов адам укуктарын урматтоо жаатында тийиштүү кадамдарды жасамайынча, Ташкенде бир да эл аралык жыйын өткөрүүгө болбойт", - деп жазат. Жыйын аяктагандан кийин Европалык банк Өзбекстандын коомдук секторуна алдыдагы эки жыл бою каражат бөлүнбөөрүн жар салды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG