Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Төртилтик сунуш айтса, Израил шартын айтты


Премьер-министр Ариел Шарон Палестина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу боюнча Израилдин шартын жарыя кылды.
Шарондун айтышынча, эл аралык коомчулук колдогон тынчтык сүйлөшүүлөрү башталганга чейин, Палестина бардык качкындар жана алардын урпактары Израилде калтырып кеткен ата жайларына кайтып келсин деген талабынан баш тартуусу абзел.
Мындай талап, Шарондун сөзүнө караганда, Израил мамлекетин кыйратууну көздөйт жана Израил өкмөтү ага макул болбойт.
Өткөн аптада АКШ, Россия, Улуттар уюму жана Европа союзу катарындагы төртилтик сунуш кылган “Жол картасы” палестиналык качкындардын Израилге кайтып келүү укугун жактайт.
Палестиналыктардын айтышынча, 1948-жылы Израил мамлекети түзүлдү деп жарыялангандан алдыңкы эки жылдык согуш учурунда 700 миңдей адам үй-жайын таштап кеткен же ата журтунан куулган.

XS
SM
MD
LG