Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 12:20

Саддамдын уулу Хусай улуттук банктан алган 1 миллиард доллар акча кайда?


АКШлык ырасмий булактардын билдиришинче, Саддам Хусейн жана анын үй-бүлөсү, АКШлык күчтөр Иракка март айында басып киргенден бир нече күн алдын, Ирактын борбордук банкынан 1 миллиард долларга жакын акча алышкан.
“Нью-Йорк Таймс” гезитинин АКШлык жана ирактык ырасмий адамдарга шилтеп кабарлашынча, Саддамдын уулу Хусай жана анын шериктери 18-мартта улуттук банктан 900 миллион АКШ долларын жана 100 миллион евро алып кетишкен. Акча Саддам Хусейндин тил катынын негизинде алынган. Ал акчалардын азыр кайда экени беймаалым.

XS
SM
MD
LG