Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Таласта кечээ ачкачылык жарыялаган мугалимдерге бүгүн дагы бир адам кошулду


ТАЛАС. Талас шаардык акимчилиги менен билим берүү бөлүмүнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам кечээ 5 киши ачкачылык акциясын баштаган. Бүгүн аларга балдар жана өспүрүмдөр шаардык спорт мектебинин мугалими Атакул Жуманазаров да кошулду. Шаардагы 9 мектептин айрымдарында билим берүү бөлүмүнүн акциясын колдогон чогулуштар болуп өттү. Ачкачылык жарыялаган педогогдордун ден-соолугун дарыгерлер күндө эки маал текшерип жатышат. Милициянын, прокуратуранын, Улуттук коопсуздук кызматынын жергиликтүү өкүлдөрү да ачкачылык жарыялагандар отурган үйгө келип, алардын ал-абалын көзөмөлгө алып жатышат.

XS
SM
MD
LG