БИШКЕК. Бүгүн Ѳкмөт Үйүндө президент Аскар Акаев Иран президентинин атайын өкүлү, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин КМШ жана Кавказ боюнча башкармалыгынын башчысы Мехди Сафарини кабыл алды. Анда Сафари президент А.Акаевди Иранга расмий иш сапары менен келип кетүүгѳ чакырган президент Мухамад Хаттаминин катын тапшырды. Жолугушууда, мындан тышкары, эки тараптуу мамилени өнүктүрүү маселеси талкууланып, президент А. Акаев эки мамлекет ортосундагы мамиле чыныгы достук жана ишенимдүүлүк нугунда келатканын белгиледи. 9-майга чейин созулуучу иш сапарынын учурунда ирандык дипломат премьер-министр Николай Танаев баштаган айрым өкмөт мүчөлөрү менен да жолугушуп, эки тараптуу мамилени чыңдоо жана регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулайт.