БИШКЕК. Май айынын 13-15теринде премьер-министр Николай Танаев Түркияга расмий иш сапары менен барат. Мындай маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды. Ал маалыматка караганда, Николай Танаев Түркиянын президенти Ахмед Неждет Сезер, премьер-министри Режеп Таип Эрдоган, парламент төрагасы Бүлент Арынч менен жолугушуп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүүнүн жолдору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Расмий иш сапарынын учурунда Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болот. Маалыматка караганда, иш сапарынын учурунда эки мамлекеттин кызматташтыгын арттыруучу документтерге кол коюлат. Бирок алар кайсы тармактар боюнча, кандай документтер экени азырынча белгисиз.