Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:19

Борбордук Азиядагы суу-энергетика маселесин чечүүгө Европа Банкы көмөктөшөт


БИШКЕК. Борбордук Азиядагы суу-энергетика проблемасын чечүү боюнча Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы атайын долбоор даярдоодо. Ал долбоор мындай маселелерди чечүү боюнча топтолгон эл аралык тажрыйбага ылайык иштелип чыгып, сентябрь айында региондогу мамлекеттерге сунушталат. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, региондогу кайсы бир мамлекет иштеп чыккан долбоор башка тарапты канааттандырбайт. Ошондуктан маселени чечүү эл аралык уюмга тапшырылган. Оторбаевдин айтуусу боюнча, региондогу суу-энергетика маселесин жөнгөрүүдө суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстандын позициясы окшош, ал эми Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандыкы башкача болууда. Вице-премьер-министрдин пикирине караганда, бул маселе региондун коопсуздугуна келтирген коркунуч жагынан Өзбекстан ислам кыймылынынын көйгөйүнөн кийинки орунда турат.

XS
SM
MD
LG