Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин мурдагы мүчөлөрү сотко кайрылышаарын айтышты


БИШКЕК. ««Атайын кызматтар менен байланышып, Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетин жоюуну көздөп жатышат» деп, чындыктан алыс маалымат таратып, адамдык арнамысыбызга шек келтиргендиги үчүн Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин башчысы Рамазан Дырылдаевди жана комитеттин башкармалыгынын мүчөсү Дооронбек Садырбаевди сотко беребиз», - деп бүгүн комитеттин мурдагы кызматкерлери Рыскелди Момбеков, Качкын Булатов жана Болот Тыналиев билдиришти. Арыз Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жолдонуп, моралдык зыян тарткандыгы үчүн ар бир доогер Р.Дырылдаевден бир миллион сомдон өндүрүп берүүнү өтүнмөкчү. Рыскелди Момбековдун айтымында, Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетиндеги финансылык ишмердүүлүктү текшериш үчүн Нидерланддын Өнүктүрүү максатындагы кызматташтык боюнча гуманисттик институту тарабынан дайындалган аудит жакынкы күндөрдө келмекчи. Аталган институт Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин донору.

XS
SM
MD
LG