БИШКЕК. Бүгүн АКШнын Мамлекеттик департаменти «диний багыттагы экстремисттик топтор АКШнын Кыргызстанда жүргөн жарандарына жана анын кызыкчылыгын жактаган тараптарга террордук чабуул жасашы мүмкүн» деген билдирүү таратты. Мамлекеттик департамент анда «АКШнын өкмөтү Борбордук Азияда Өзбекстан ислам кыймылынын аракети күч алып бараткандыгы тууралуу маалымат алууда» деп билдирип, диний экстремисттик топторго Өзбекстан ислам кыймылынын кийинки кезде Кыргызстанда байкалган жашыруун тармагы кирээрин белгиледи. Ал диний топтор бир нече чабуулдарга барышы, ага АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана Эл аралык антитеррористтик коалициянын «Манас» аба майданына жайгаштырылган Ганси аскер базасы бута болушу мүмкүн экендигин эскертти. АКШнын жетекчилигин ошондой эле уйгурлардын сепаратисттик топтору тынчсыздандыраарын Мамдепартамент 5-апрелде билдирген болчу. Ал эми президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков террордук чабуулдар болот же болбойт деп так айта албасын, бирок, андай коркунуч жок деп эч ким кепил боло албасын билдирип, ар кандай кырдаалдарга даяр туруу зарылдыгын белгиледи.