Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Кытайда САРСтан дагы беш киши каза тапты


Кытайдын саламаттык министрлиги бүгүн кабарлагандай, дагы беш киши дабасы табыл элек бул дарттын курмандыгы болуп калды, вирусту дагы 159 киши жуктуруп алды. Ошону менен Кытайда САРС менен ооругандардын саны 4 жарым миңге чыкты, алардын ичинен 219 киши каза тапты.
Бүгүн ошондой эле Кытайдын өкмөт башчысы Вэнь Цзябао САРС өлкөнүн айыл жерлерине жайылса, ага Кытайдын саламаттык тармагынын алы жетпей калаарын билдирди.
Дүйнөлүк Саламаттык уюму САРС оорусу кескин көбөйгөн Кытайдын Хебей провинциясына төрт кишиден турган адистер тобун жиберүүдө.
Бүгүнгө чейин САРСтан 30 өлкөдө 470 киши көз жумду, ага чалдыккандардын саны 7 миңге чукулдап калды.

XS
SM
MD
LG