Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

АКШнын президенттигине талапкер Жозеф Либерман АКШнын энергетика системасына байланышкан улуттук программанын долбоорун жарыялады


Анда Кошмо Штаттардын мунай импортун кеминде 70 пайызга азайтып, жакынкы 20 жылдын ичинде АКШнын чет элдик мунайдан көз карандылыгын таптакыр жойуу каралган. Долбоорго ылайык, мунай керектөөсү жүргүнчү ташыган унаанын күйүүчү май сарптоолорун азайтуунун эсебинен жетишилмекчи. Демократ сенатор Либерман анын планы ишке ашса, анда АКШнын экономикасы чет элдик мунайдан көз карандысыз болоорун, ошол эле маалда өлкөдө жаңы технологияларды пайдалануунун аркасында жаңы жумуш орундары түзүлөөрүн билдирет.

XS
SM
MD
LG