Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:49

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму Иракта ич келте оорусунун чыгышынан кооптонууда


Уюмдун маалымдашынча, Ирактын Басра шаарында ич келте жугузуп алган деген шек менен 17 киши иликтөөдөн өткөрүлдү. Ушундай эле медициналык иликтөөлөр Кувейттин чөлкөмгө чектеш региондорунда да жүргүзүлдү. Дарылабай койгон учурда өлүмгө алып келе турган бул оору чийки суу аркылуу жугат. Аны алдын алуу үчүн сууну пайдалануудан мурда кайнатуу зарыл. Согуш учурунда Басра шаарын суу менен камсыз кылуу системасы иштен чыгып калып, шаар калкы бир нече жума бою суусуз калган. Талап-тоноолор жана баш аламандык өкүм сүргөндүктөн, шаардагы абал азыр да кооптуу.

XS
SM
MD
LG