Франциянын тышкы иштер министри Доминикде Вилпен парламентте сүйлөгөн сөзүндө: “АКШ баштаган коалициянын Саддамды кулаткандан кийин орноткон администрациясы - проблеманын убактылуу гана чечилиши”, - деп билдирди. Ал БУУнун Иракка каршы киргизген чектөөлөрүнүн жакын арада алынып ташталаарына жана Ирак эли мунай байлыгынын үзүрүн көрөөрүнө үмүттөнүп турганын билдирди. Франция АКШ баштаган коалициянын Ирактагы согушуна каршы чыккан.