Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

АКШ менен Орусия Иракка каршы санкцияларды талкуулашты


Маскөөдө Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен жолуккандан кийин, АКШнын Мамкатчысынын орун басары Ким Холмс талкуу "абдан иштиктүү" өттү деди.
Жыйындын алдында Иванов Иракка каршы санкциялардын басымдуу бөлүгүн Бириккен Улуттар уюму күчүнөн кетириши керек деп билдирген.
АКШнын президенти Жорж Буш Кошмо Штаттары жакында бул санкцияларды күчүнөн кетирүү боюнча резолюциянын долбоорун сунуш этээрин жарыялаган.
Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын жетекчиси Кофи Аннан менен жолуккандан кийин АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл америкалык резолюциянын долбоорун мындайча мүнөздөдү:

- Бул резолюциянын майда-чүйдөсүн айтып отурбай эле койойун. Бирок ал - артта калган согушка кылчайбай, алга карап, эл аралык коомчулукту баш коштуруп, Ирактын элине бакубат турмуш курууга, жаңы өкмөт куроого жардам бере турган резолюция.

Мамкатчынын айтымында, документте Бириккен Улуттар уюмуна да тийешелүү роль ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG