Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

БУУӨП менен Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги макулдашууга кол коюшту


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы менен Кыргызстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги бүгүн социалдык мобилизациялоо боюнча бир жылдык макулдашууга кол коюшту. Бул макулдашууга ылайык, ишке бардык тараптарды жапырт тартуу боюнча министрликтин бардык структураларынын кызматкерлерине усулдук жардам берилет жана бардык жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө усулдук көрсөтмөлөр таркатылат. Уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, бул долбоордун алкагында 3 миң коомдук уюм түзүлүп, анын ишине 40 миң адам катышууда. Жашоо жагдайын жакшыртуу ишине элди жапырт тартуу максатындагы бул программа боюнча БУУӨП азыр 362 айыл менен иштеп келатат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG