Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Рамазан Дырылдаев региондогу бийликти сынга алды


БИШКЕК. Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин башчысы Рамазан Дырылдаев Ташкенде өткөн Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын жылдык жыйынында чыгып сүйлөгөн. Өз сөзүндө ал региондогу бийлик башчылары сот системасын көзөмөлдөн чыгарбай кармап турушканын, соттор ошолорго гана кызмат кылаарын билдирген. Ал буга көз карандысыз «Моя столица» гезитине сот тарабынан 10 миллиондогон сомдук айып салынышын, «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Куловду актаган өкүм чыгарган судья Нурлан Ашимбек уулунун сот системасынан кетирилишин, Сергей Дуванов жана башка укук коргоочулардын сот өкүмү менен түрмөгө түшүшүн мисал келтирген. Мындан тышкары, Р. Дырылдаев бийлик шайлоо мезгилинде сотторду оппозицияга каршы активдүү пайдаланаарын белгилеп, Аксы окуясында элди аткандардын жазасыз калганы жөнүндөгү маалымат катты Европа Банкынын жетекчилигине тапшырган. Бул тууралуу кечээ Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG