Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Оштогу жарылуудан бир киши курман болуп, Бишкектин жанынан курал-жарак табылды


БИШКЕК. Бүгүн түш ченде «Бакай» банкынын Ош шаарында жайгашкан акча алмаштыруу жайында белгисиз заттын жарылуусунан бир адам набыт болду. 1975-жылы туулган Алиев Дилшат аттуу жергиликтүү тургун ушул акча алмаштыруучу жайдын кызматкери болгон.
«Бакай» банкынын бул бөлүмү шаардын чекесинен орун алган «Оsh OIL. ltd» мунай сатуучу станция имаратынын ичинде жайгашкан. Бул окуя боюнча Ош шаардык ички иштер кызматы тарабынан кылмыш иши козголду. Тартип коргоо кызматынын алгачкы божомолуна караганда, кылмыш криминалдык мүнөзгө ээ. Кылмышкерлерди табуу максатында ички иштер кызматы ишке киришип, шаар күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов кабарлады.
ИИМдин басма сөз кызматы кабарлаган дагы бир маалыматка караганда, кечээ Бишкекте министрликтин кылмыш издөө башкармалыгынын кызматкерлери бир топ курал-жарак сактаган кыргызстандык жаранды кармашты. Бишкектин четиндеги «Алатоо» жаңы конушунун тургуну Алмазбековду тинтүү учурунда анын үйүнөн 47 патрону менен Калашников үлгүсүндөгү бир автомат, РГД-5 үлгүсүндөгү эки граната, ТТ үлгүсүндөгү тапанча патрондору менен жана «Винчестер» үлгүсүндөгү бир мылтык табылган.

XS
SM
MD
LG