Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-кытай каттамын токтотууну өкмөткө сунуштады


БИШКЕК. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги автоунаа өтүүчү кыргыз-кытай чек ара бекеттерин жана аба каттамдарын убактылуу жабуу сунушу менен өкмөткө кайрылды. Мындай сунуш өпкөнүн өнөгөсүз сезгенүү оорусунун Кытай аймагында күчөп жатканынан улам келип чыкты. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов маалымат жыйынында кабарлады. Анын айтымында, азыр бул илдеттен жабыркагандар Кыргызстандын жарандарынын арасында жок. Буга чейин министрлик Кыргызстандын жарандарына Кытайга жана Сингапурга турист катары же иш боюнча барбай койо турууну сунуштаган. Жүргүнчүлөр учак аркылуу Бишкек-Үрүмчү багытында аптасына эки жолу каттайт. Автоунаа менен акыркы төрт ай ичинде Үрүмчүдөн Бишкекке жана Бишкектен Үрүмчүгө Торугарт тосмосу аркылуу 1031 адам өткөн. Эркечтам тосмосу аркылуу акыркы айда 171 жүк ташуучу автоунаа өткөн. Министр М. Мамытовдун билдиргенине караганда, өлкө ичинде илдеттин алдын алуу максатында Казакстан менен чектешкен Чалдовар жана Акжол бажы бекеттеринде санитардык-текшерүү бөлүмдөрү ачылды. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында вирусология лабораториялары ишке киришти.

XS
SM
MD
LG