Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Багдаддын Улуттук Музейинен уурдалган бир топ экспонат табылды


Американын аскерлери менен адистери апрелдин башында Улуттук Музейден уурдалып кеткен 40 миң уникалдуу кол жазма менен 700 өнөр жана тарых экспонаттарын таап алышты. Иракта иштеп жаткан америкалык адистердин маалымдашынча, музейдин 38 экспонаты гана азырынча табыла элек. Көптөгөн баа жеткис экспонаттарды ирактыктар өз ыктыяры менен кайтарып беришкен. АКШнын юстиция министри Жон Эшкрофт эл аралык коомчулукка кайрылып, президент Хусейндин режими кулатылгандан кийин орун алган талап тоноолордо жоголгон уникалдуу экспонаттарды табууга көмөктөшүүгө чакырган.



Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG