Премьер-министр Шарондун булу сунушу бүгүн Израилдин телекөрсөтүүсү аркылуу билдирилди. Бирок Шарон сүйлөшүү стөлүнө отуруудан мурда Сирия менен Ливандан алардын аймагында жүргөн радикал палестин согушкерлерин ооздуктоого даяр экендиктерин уккусу келип жаткандыгын билдирди. Анын аралыгында, жакынкы чыгыш проблемасын чечүү максаты менен бүгүн регионго АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жол тартууда. Ал Иерусалимде Израилдин премьер-министри Шарон жана Рамаллада Палестин автономиясынын премьери Махмуд Аббас менен жолугушат.