Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Ооган коопсуздук күчтөрү шаарга жасала турган чабуулдун алдын алышты


Ооганстандын мамлекеттик телекөрсөтүүнүн маалымдашынча, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү Кабулдун түштүк чет жакасында БМ-21 үлгүсүндөгү 8 ракетаны таап, коопсуздандырышты. Алардын кимге таандык экени белгисиз. Окуяга байланыштуу шектүү кишилер кармалган жок. Апрел айында коопсуздук күчтөрү шаардагы объекттерди мээлей турган бир нече ракетаны таап, коопсуздандырышкан болчу. Марттын соңунда болсо, эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн баш кеңсесине ракета атылган. Бирок андан эч ким жабыркаган эмес. Эл аралык бейпилдик күчтөрү бул кол салуунун артында генерал Гүлбедин Хикметиярдын тарапкерлери тургандыгын айтышкан. Хикметияардын кеминде 5 миңдей тарапкери бар экендиги божомолдонот.

XS
SM
MD
LG