Бери эле дегенде Кытай бийликтери ушундай деп билдиришти. Алардын эсептерине ылайык, азыр күнүнө бул илдетке 30-40тай адам чалдыгууда, апрелде болсо бул ооруга кабылгандар бир күндө 70-80 кишиге жетип турган. Бирок дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илээсиз бул илдет күр-күчүнөн өттү деп айтышка азырынча эртелик кыларын эскертти. Уюмдун адистери Кытайдын дагы эки провинциясына жана Тайвандын борбору Тайбэйге каттоо опуртал экенин ырасташты.