Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

АКШнын мамлекеттик катчысы бүгүн Жакынкы чыгышка жол тартат


Иерусалимде Колин Пауэлл Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон, ал эми Раммалада Палестин автономиясынын кабинет башчысы Махмуд Аббас менен жолугушат. Жолугушууларда негизги маселе катары израилдиктер менен палестиналыктардын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандантуунун жолдору талкууланат. Жакынкы чыгышка жекшемби күнү Евросоюздун өкүлү Хавер Солана да келет. Ал Израиль менен Палестинадан тышкары Ливанда, Сирияда, Иорданияда, Египетте жана Сауд Арапстанда болот. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө “Жол картасы” аттуу тынчтык планды жүзөгө ашыруунун жолдору талкууланат.

XS
SM
MD
LG