Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Ирактагы кырдаал бүгүн Польшанын Вроцлав шаарындагы жолугушууда да талкууланып жатат


Бул жерде Польшанын президенти Александр Квасниевски Франциянын президенти Жак Ширак жана Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Польша Ирактын түндүк тилкесинде коопсуздукту камсыз кылуу милдетин өзүнө алып, ушул максатта түзүлүп жаткан көп улуттуу контингентке кошулганга Германияны чакырган эле. Бирок немецтердин коргоо министри аталган операцияга катышуудан баш тартып, эгер ал ООНдун мандаты менен жүргүзүлсө Иракка Германия аскер бөлүктөрүн жөнөтө тургандыгын белгиледи.ООНдун адам укуктары боюнча комиссиясынын өкүлдөрү кечээ Арбил шаарында болушту,алар Ирактагы гуманитардык жагдай менен таанышып жатышат.

XS
SM
MD
LG