Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Николай Танаев ЭВФтин аткаруучу деректиринин орун басары менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Эл аралык Валюта Фондунун аткаруучу деректиринин орун басары Эдуардо Аннинат менен жолугушту. Жолугушуу маалында Кыргызстан менен Эл аралык Валюта Фондунун ортосундагы мамилелер мурда түзүлгөн меморандумга ылайык өнүгүп жатканы белгиленди. Эдуардо Аннинат мырза Кыргызстан жакырчылыкты жоюу боюнча программаны жакшы аткарып жатканын белгилеп, Кыргызстандын 449 миллион доллар өлчөмүндөгү тышкы карызын кечүү маселесин Париж клубунун алдына коюуга көмөктөшөөрүн билдирди. Николай Танаев Кыргызстандагы ала жаздан берки табигый кырсыктар экономиканын өсүшүнө жолтоо болуп жатканын айтып, ушул себепт Эл аралык Валюта Фондунан каражат бөлүүнү суранды. Ушул эле күнү Эдуардо Аннинатты президент А. Акаев кабыл алды.

XS
SM
MD
LG