Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Феликс Кулов үч ай аралыгында түрмөдөн бошошу ыктымал


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын азыр түрмөдө жаткан башчысы, оппозициячыл саясатчы Феликс Кулов бир жарым айдан үч айга чейинки мөөнөт ичинде түрмөдөн чыгышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн партиянын штаб башчысы Эмил Алиев кабарлады. Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванова мындай божомолго акыркы чекитти Жогорку Сот койорун «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Феликс Куловдун жаза мөөнөтүн тактоо иретинде берген акыркы арызын Жогорку Сот карай элек. Мындай кечигүү Жогорку Соттун ишмердүүлүгүнүн Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташа электигине байланыштырылууда. Ал эми Феликс Куловдун өзүнүн «Азаттыктын» кабарчысына билдиргенине караганда, кандай жагдай болсо да Жогорку Сот аны актоого милдеттүү. «Менин юрист катары көз карашымда, Жогорку Сот акыйкат караса, карабаса да мен бошонушум керек. Анткени Кылмыш кодекси боюнча кылмышым жок. Биздин Конституцияга ылайык, эгер кодексте кылмыш жок болсо, анда аны кылмыш катары кароого болбойт. Жогорку Сот мындай мыйзам бузууларга кантип барат, мен элестете албайм. Жогорку Соттун өкүмдү күчүндө калтырууга акысы жок», - дейт Кулов. Акыркы жолу 7 жылга эркинен ажыратылган «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Кулов учурда Сокулук районунун аймагындагы күчөтүлгөн тартиптеги Жаңыжер түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG