Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Ирак шийиттеринин лидери бүгүн сүргүндөн кайтып келди


Ирак ислам революциясынын Жогорку кеңешинин башчысы аятолла Мохаммед Бакир ал-Хаким 23 жыл коңшулаш Иранда жашады. Мекенине кайтып келген адыйын бүгүн Басрада шатыра-шатман түшкөн мыяткерлери тосуп алды.
Он миңге чукул тарапкерлери алдында сөз сүйлөп, Бакир ал-Хаким келечекте Ирак ислам мамлекети болууга тийиш деп билдирди. Мындан тышкары ал чет элдиктер таңуулаган ар кандай өкмөткө да каршы экендигин бышыктады. Ошол эле учурда ал ислам экстремизмин айыптады. Кошмо Штаттары Иракта диний эрежелерге таянган кандайдыр бир режим түзүлүшүнө караманча каршы. Ушул эле күнү америкалык аскерлер согуш маалында колго түшкөн жети миңдей кишини туткундан бошотушту.

XS
SM
MD
LG