БИШКЕК. Бишкек шаарынын быйыл 13-14-июнда белгилене турган 125 жылдык мааракесин өткөрүүгө 400 миллион сом керек болот. Бул тууралуу бүгүн Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Данияр Шабданов билдирди. «АКИ-пресс» агенттиги 8-майда тараткан маалыматка караганда, мааракени өткөрүү максатында түзүлгөн фондго азыр 1 миллион сомго жакын каражат гана топтолгон. Бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы «Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракесин өткөрүү комиссиясынын төрагасы, премьер-министр Николай Танаев бүрсүгүнү облустардын губернаторлору менен жыйын өткөрүп, мааракеге даярдыктын абалы менен таанышат» деген маалыматын таратты.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов