Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

Кыргызстанда майыптар көбөйүүдө


БИШКЕК. Кыргызстанда жылына 32 миң жаран майып катары таанылат. Алардын 31% алгачкы ирет катталгандардын катарында саналат. Жалпысынан ар кандай майыптардын саны 83300гө барабар. Бул тууралуу Майыптар иштери боюнча президенттин алдындагы кеңештин кезектеги отурумунда айтылды. Отурум майыптарды колдоо иретинде жүргүзүлүп жаткан иштердин жагдайы тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо, Билим берүү жана маданият, Транспорт жана коммуникация, Финансы, Ички иштер министрликтеринин билдирүүлөрүн укту. Бейшембиде өткөн бул отурумду кеңештин төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов башкарды.

XS
SM
MD
LG