Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Аманатчылар үчүн баалуу кагаздар чыгарылышы мүмкүн


БИШКЕК. Кыргызстандагы аманатчылардын аласаларын кайтарып берүү максатында мамлекеттик баалуу кагаздар чыгарылышы мүмкүн. Бул туурасында Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, баалуу кагаздарды чыгаруу демилгесин Эл аралык Валюта Фонду колдоду. «Инсан», «Курулуш», «Меркурий», «Максат» өңдүү акыркы жылдары ишин токтоткон коммерциялык банктардан акчаларын кайтара албай калган аманатчылардын каражаты учурда 160 млн. сомду түзөт. Мындай жагдай Кыргызстандагы коммерциялык банктарга элдин ишенимин кетирүүдө. Буга байланышкан иликтөөнү жакында «Эксперт» аттуу консалтинг агенттиги жасаган. Сомдун 10 жылдыгына карата жүргүзүлгөн бул иликтөөдө сурамжылангандардын 24% гана акчасын коммерциялык банктарда сактаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG